Luokat: Kaikki

jonka Жаңыл Болотовна 12 kuukautta sitten

312

Жумушка карата тексттик маселелер

В тексте представлено несколько задач, связанных с производительностью труда и расчетами времени. Например, два кондитера готовят булочки с разной скоростью, и требуется определить, кто из них работает быстрее.

Жумушка карата
 тексттик маселелер

Жумушка карата тексттик маселелер

Үй тапшырма

Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана биргелешип аткарылган жумуштун көлөмүн аныктоого карата маселелерди окуу китебинен таап, чыгарууну сунуштаӊыз. Кыйналган окуучуларга жумушка карата, бир амал менен чыгарылган маселелерди бериңиз.

III-бөлүм. Окутуунун жыйынтыктарын баалоо

Ыкчам текшерүү / Формалдуу эмес калыптандыруучу баалоо Алдын-ала биргелешип аткарган жумушка карата жөнөкөй маселени камдап алыңыз. Маселени окуучуларга сунуштаӊыз. Мисалы: Бир мастер күнүнө 12 түгөй бут кийимди оңдойт. Экинчиси күнүнө -18 түгөй бут кийим. Эки мастер 4 күндө канча түгөй бут кийим оңдошот?

Жообун текшергиле

Практика

Төмөнүрөөк деңгээл: Күрүчтү эки дозатор баштыктарга салат. 220 кг күрүч 10 мүнөттө биринчи диспенсер менен баштыктарга салынат. Экинчи диспенсер менен 9 мүнөттө 270 кг күрүч баштыктарга салынат. Кайсы диспенсер тезирээк иштейт?
Туура келген деңгээл: Биринчи уста 3 саатта 72 тетик жасаса, экинчи уста 2 саатта 36 тетик жасайт. Алар 6 сааттабиргелешип канча тетик жасашат? Машина саатына 1000 пластик табак чыгарат. Жаңы машина саатына дагы 600 табак чыгара баштады. 8 сааттык жумуш күнүндө эки машинада канча табак чыгара алат? Биринчи ылдамдыкта станок саатына 200 тетик чыгарат. Экинчи ылдамдыкта саатына 260. Станок биринчи ылдамдыкта 2 саат, экинчи ылдамдыкта 3 саат иштеди. Бул убакыттын ичинде канча тетик жасалган?
Жогорураак деңгээл: Китепканада 450 китептин мукабасын жаңыртуу керек. Биринчи цех бул ишти 10 күндө, экинчиси 15 күндө бүтүрө алат. Цехтер чогуу иштешсе бул ишти канча күндө бүтүрүшөт? Цехтер ишти 5 күнде аяктоо үчүн бир күндө иштин көлөмүн канчага көбеөйтүү керек?

Маселенин чыгаруу үчүн таблица түзөлүк: Жумуш (А) Өндүрүмдүүлүгүк (p) Убакыт (t) 1-басмакана 200 р1 + p2 = p бирг 6 дней 2-басмакана 150 1) 200 + 150 = 350 (китеп) – 1 күндө эки басмакана басып чыгарат. 2) 350 ּ• 6 = 2100 (китеп) – 6 күндөэки басмакана басып чыгарышат. Жообу: 2100 китеп.

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо

Эки басмакана китеп басып чыгарат. Биринчи басмакана бир кундө 200 китеп, экинчиси бир күндө 150 китеп басып чыгарат. Эки басмакана биргелешип иштешип, 6 күндө канча китеп чыгара алышат?

Карама-каршы пикир жаратуу

Окуучуларга айтыӊыз: Бул тапшырма башка мектептин 4-классынын бир окуучусуна сунушталганда, ал «жообу 80 болот» - деп айтты. Окуучулардан сураӊыз:  Силер аны менен макулсуңарбы же макул эмессиңерби? Себебин түшүндүрүп бергиле.  Кандай деп ойлойсуңар, окуучу 80деген жоопту кантип алды?  Ал окуучуга силер эмне деп айтат элеңер?

Талкуу

Багыттоочу суроолор:  Кандай жооп алдыңар?  Бул маселени кантип чыгардыңар, түшүндүрүп бере аласыңарбы?  Маселенин чыгарылышынын башка ыкмалары менен бөлүшө аласыңарбы?

II-бөлүм. Окуучулардын түшүнүүсүн калыптандыруу

Маселе чыгаруу: Кийинки маселени доскага жазыңыз. Кол жазманы эки корректор окушат. Биринчи корректор күнүнө 64 бет, экинчиси 80 бет окуйт. Алар биргелешип 5 күндө кол жазманын канча барагын окушат?

Мурунку билимдерди актуалдаштыруу

 Эки кондитер булочка даярдайт. Биринчи кондитер 60 булочканы 12 мүнөттө, экинчиси 84 булочканы 14 мүнөттө даярдайт. Кондитерлердин кайсынысы тезирээк иштейт, биринчиби же экинчиби?  Маселе 2. Курулуш компаниясы 18 кабаттуу имаратты куруп жатат. Ал ай сайын үйдүн 2 кабатын бүтүрөт. Үйдүн курулушун компания канча айда бүтүрөт?  Маселе 3. Наабайчы саатына 50 нан бышырат. Ал 6 саат иштеди. Ал канча нан бышырды?  Маселе 4. Ринат 1 саатта китептин 20 бетин окуйт. Ал 5 саат 30 мүнөттө китептин канча бетин окуп бүтөт?

Маселени чыгаргыла


I-бөлүм. Сабакты ачуу жана киришүү

Киришүү:
Окуучуларга айтыӊыз, бүгүн биз биргелешип аткарылган жумушка карата маселелерди чыгарганды үйрөнөбүз. Темага байланыштуу мурунку билимдерди эске салыңыз (эгер зарыл болсо).

Маанилүүлүгү

Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана жумуштун көлөмүн аныктоого карата маселелерди чыгаруу жөндөмү окуучуларды жумушка карата татаал маселелерди чыгарууга даярдайт, ошондой эле жогорку класстарда окула турган функционалдык көз карандылыктын идеяларын бекемдейт.

Керектелүүчү материалдар:

Окуу китеби, дептер, калем, карандаш жана чийүүгө керектүү буюмдар.

Ишмердүүлүктүн максаты:

Окуучулар биргелешип аткарган жумушка жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнө карата маселелерди чыгарганды үйрөнүшөт.

Максаттуу класстар

3-класс

Темасы

Аткарылган жумушка карата маселелер.